06.08.2018 18:51

«Электр станциялары» Токтогул ГЭСинде ири авария болгонун төгүндөдү, бирок бузулуулар бар

«Электр станциялары» Токтогул ГЭСинде ири авария болгонун төгүндөдү, бирок бузулуулар бар

Токтогул ГЭСинде 5-августта жогорку категориядагы авария болуп, №1 гидроагрегаттын блоктук трансформатору иштен чыкты. Бул туурасында «Вечерний Бишкек» гезити коомдук ишмер жана эксперт Расул Умбеталиевге шилтеме кылуу менен жазып чыкты. Маалыматта, Токтогул ГЭСинин №1 гидроагрегаты электр энергиясын өндүрбөй жатканы айтылган. 

«Буга чейин 4-августта Жалал-Абадга болгон иш сапары учурунда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Токтогул ГЭСин модернизациялоо ишинин жүрүшү менен таанышкан. Анда тийиштүү жетекчилер иш ийгиликтүү жүрүп жатканын бир ооздон айтып, премьер-министрди ишендиришкен. Такталбаган маалымат боюнча, андан туура эки күн өтүп, министрлер кабинетинин төрагасы энергетикалык тармактын башчыларын чогултуп, авариянын себебин тактоо жана ыкчам калыбына келтирүү тапшырмасын бериптир», - деп билдирген Расул Умбеталиев.

«Электр станциялары»  ишканасы April.kg порталына бул маалыматты төгүндөдү. Айтымдарында,  Токтогул ГЭСиндеги трансформатор даярдоочу заводдун адистеринин байкоосу алдында 15-июлдан бери сынактан өтүп жатат жана азырынча ишке бериле элек. 

«Сынак учурунда ар кандай кемчиликтер байкалып, оңдолот. Ал кемчиликтер жана бузулууларды SM Powertech жана JOC жалданма уюмдары келишимдин негизинде өз каражаттарына биргелешип, оңдоп жатышат. Учурда энергетиктер 2018-2019-жылкы күз-кыш мезгилине күч менен даярданып жатканда, «серепчи» аталгандар тарабынан фактыларга таянбаган, туура эмес маалыматтын таратылышы коомчулукту адаштырат»,- деп жазылат маалыматта.